Ички иштер министрлигине Темир Сариевге добуш бергени үчүн сабалган шайлоочудан арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, буга чейин Темир Сариевдин басма сөз катчысы Назира Ахмедова Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында Темир Сариевге добуш бергени үчүн шайлоочу сабалгандыгын билдирген.