Ош ОИИБи: "Ошто 1200 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 2051 өкүлү коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат"

Ошто шайлоого байланыштуу 1200 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 2051 өкүлү коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарова билдирди.

"Негизи Ош облусунун аймагында 12-октябрдан тартып эле милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Учурда коомдук тартипти сактоо үчүн облустун аймагында милициянын 1200 кызматкери иш алып барышууда. Андан сырткары бүгүн өтүп жаткан шайлоого байланыштуу милиция кызматкерлерине коомдук тартипти көзөмөлдөөгө элдик кошуундун 2051 өкүлү көмөк көрсөтүп жатат", - дейт Жанна Сатарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан