Орусиянын Сочи шаарында XIX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттердин фестивалы өтүүдө. Ага дүйнөнүн 150 мамлекетинен 20 миңден ашуун адам катышып жатат. Анын 200ү Кыргыз Республикасынын атынан баргандар.
Катышуучулардын бири, манасчы Азиз Биймырза уулу SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Фестивалдын расмий ачылышы бүгүн саат 16:00дө өтөт. Аны орусиялык телеканалдардан түз эфирден көрүүгө мүмкүн. Учурда ар бир мамлекет өзүн тааныштырган көргөзмө болуп жатат. Уюштуруу жагынан эч кандай кемчилик көрө алган жокмун. Орусия Федерациясынын курамындагы мамлекеттердин жана дүйнөдөгү башка автономдуу өлкөлөрдүн арасында Кыргыз Республикасы суверендүүлүгү, өз алдынчалыгы менен айырмаланып турганын көрүп фестивалда жүргөн көп кыргыз жаштары таасирленип, мекени менен сыймыктанып жатышат", - деди ал.
Анын айтымында, фестивалда дүйнөлүк саясат, бизнести өнүктүрүү, маданият жана тарых, дүйнөдөгү маданий ар түрдүүлүк багыттары боюнча секциялар иш алып барууда. Анын алкагында Кыргыз өлкөсү жана башка 30 мамлекеттин өкүлдөрү эпос айтуучулукту кантип сактап калуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат.