Чет өлкөдөн добуш берүүгө катталган Кыргыз жарандар шайлоого пассивдүү катышууда

Бишкектин сааты боюнча 17:00гө карата чет өлкөдөн добуш берүүгө катталган 18 миң 580 шайлоочудан 3 миң 380и шайлоого катышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Мындан тышкары ал чет жактан добуш берүүгө катыша албай калган жарандардын нааразычылыгынын себептерин айтып берди.

“Дүйнөнүн 27 мамлекетинде шайлоо 36 участкасы ачылып иштеп жатат. Азыркы убакытка чейин чет өлкөдөгү шайлоочулардын 18 пайызы катышты десек болот. Көпчүлүк чет жакта жүргөн жарандар добуш бере албай калдык деп нааразы болууда. Бирок биз консулдук элчилик аркылуу гана добуш берүүнү уюштура алабыз", - деди Кулукеева.

"Шайлоого добуш берүү үчүн эки талап болот. Консулдук каттоого турушу керек. Биометрикалык маалымат тапшырышы керек. Көп жарандар бул талаптарды аткара албагандыктан шайлоого катыша албай жатат. Азыркы саатка карата Орусиянын Владивосток шаарында 407 Кыргыз жараны катталып, 79 жаран шайлоого катышкандыгы такталды”, - деди ТИМдин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
admin_superstan
2017-10-15 18:03:38
ularik_kg, провокацияга жол берилбейт. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
PROS
2017-10-15 18:06:10
18000ден 3250 эле шайлоочу катыштыбы? (((
0
almanbetperm
2017-10-15 18:11:40
Консул дейсинер,барсан мурдун чуйруп саламга келалбайтго салам берсен
+6
kyrgyz.kg83
2017-10-15 18:20:16
Активду еле болуп жатат москвада.жээнбековту шайлайм дегенден био учот сурабай киргизип жатат.айтпай кирем дегендерди текшерип био сурар киргизбейтат.отунбаевти баш кылып посольствада иштегендердин баарын айдаш керек
-1
Musabaeva.
2017-10-15 18:32:18
Пайдасы жок биз шайлаганыбыз менен!
-1
nur...nur.
2017-10-15 18:36:52
Посольствого бардык туратко эл коп болгону Жеенбеков дегендергана кирип жатат кайдагы таза шайлоону айтып жатат мактанып
-1
bek-rusu
2017-10-15 19:18:42
Красноярск шаарында да кобу шайлоого катыша алган жок маалымат кобуно жеткен эмес
0
RUSLAN.KG
2017-10-15 19:51:10
2017 жылы Кыргызстанда Президенттик шайлоо болоорун кече эле уктуңарбы? Биздин элдин эң бир жаман адатыбыз барда - кай жерде болбосун, кечигип жүрөбүз...Элде күнөө жок, өз тиричилигибиз менен алышып жүрөбүз.Өкүндүргөнү - баардык талапкерлердин мигрантарга кайдыгерлиги, көнүл бурушпагандыгы, өз убагында так, туура маалымат жеткизип турса, кайрылса, шайлоо тилкелерин ачып койсо, бюрократиялык бут тосууларды (форма #2,ж.б.) жойсо жакшы болот эле...Бизден акча эле керек окшойт(
0
RUSLAN.KG
2017-10-15 20:00:52
Элчиликте эл турат шайлоого катышам деп, бирок көбүндө эч түшүнүк жок экен кандай жол менен шайлашын, консулдук каттоого турушун, открепительный талон, форма#2 сыяктуу эч нерсе билбей... Убактылуу каттоо менен консулдук каттоо эки башка нерсе, көбү алмаштырып жатат.
Технологиялар жетиштүү, баардыгы эле интернет колдонот, бирок так-туура маалымат көпчүлүкө жетпептир, ошол талапкерлердин катасы - мигранттар менен тыгыз иш жүргүзсө, кээ бир оппозициялык талапкерлер 95% добуш алмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан