Шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн атайылап электр энергиясын өчүрүү аракети катталды

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча башкы штаб өлкөнүн аймактарында өтүп жаткан президенттик шайлоонун жүрүшү боюнча кечки саат 17:00гө карата маалымат берди. Анда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев шайлоолорду үзгүлтүккө учуратуу үчүн атайылап электр энергиясын өчүрүүгө аракети болгонун айтты.

Жайыл районунда үч жерде атайын трансформаторлордун майын атайын төгүп кеткен учурлар катталды. Бул боюнча биз Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө атайын кат жөнөткөнбүз. Бүгүн түштөн кийин саат 16:23тө Кара-Суудагы насостук станцияга кеткен электр жарыгын атайын өчүрүү болгон болчу. Бул боюнча да карап чыгып, Кара-Суу РИИБине арыз жөнөттүк. Азыр 2338 шайлоо участкасынын баарында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат”, - деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан