ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев көзү тирүү болгондо 96 жашка толмок

Дүлөй болуп калса да үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да сени көрөт.
Сен жок болсоң таптакыр калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп.

Күтсө болот энеден укмуш жорук:
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп,
Ал гана эмес, "муну кой, мени алгын" деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.

Биз бүткөнбүз эненин боор этинен,
Бизге бөлүп берген ал жарты жанын.
Бирок кантип кутулуп мээнетинен,
Кантип актап келебиз карызын анын.

Бул саптарды камтыган "Эне" ырынын жана башка көптөгөн чыгармалардын автору, Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 15-октябрда 96 жашка толмок.

Акын 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1944-1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку мектепте, 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсунда окуган. Кийин "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун катчысы, адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка бет алган. Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталышта 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Андан кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган. Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, Чыңгыз Айтматов клубунун эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Акын 2016-жылдын 16-июлунда каза болгон.

15-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан