Түштүк Кореяда Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өттү. Добуш берүү Сеулда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө аяктаган. Интернетке чыгып кеткен жыйынтык боюнча талапкер Адахан Мадумаров 48 добуш топтоп, 1-орунга чыкты.
2-орунда Сооронбай Жээнбеков (37 добуш), 3-орунга Өмүрбек Бабанов (25 добуш) жайгашты. Ал эми 5 добуш топтоп Таалатбек Масадыков 4-орунда турат. Арсланбек Малиев жана Темир Сариев 1 добуштан алышкан. Калган талапкерлер шайлоочулардын колдоосуна ээ боло алышкан эмес.