Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз жеринде президенттик шайлоо болуп өттү. Саат 20:00дө өлкө аймагындагы бардык шайлоо тилкелери жабылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 9 миңден ашуун шайлоочулар "баарына каршы" деп добуш беришкенин билдирди.
Маалыматка караганда, шайлоого 1 жарым миллиондой шайлоочу катышкан.