
Мындан 62 жыл мурун, 1955-жылы 15-октябрда айтылуу кыргыз балбаны
Кожомкул Каба уулу 67 жаш курагында көз жумган.
Анын туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Маалыматтарга караганда, Кожомкул Каба уулунун билими 2 класстык болуп, документтерге латын тилинде "Gabajev" деп кол койгон.
Бала кезинде байларда койчу болгон. Ал эми 1921-1929-жылдары Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы, 1930-жылы Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңештеринин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. 1948-жылы персоналдык пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин "Победа" колхозунда жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген.
Балбан күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алганы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын көтөрүп өткөнү айтылат.
Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Айрым маалыматтар боюнча, 47 жашында анын салмагы 164 килограмм, боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр, 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Колунун баш бармагынын калыңдыгы 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон. 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө эч кимге алдырган эмес. Казак балбаны Балбан-Шолакты жыккандан кийин анын атагы казак элине да тараган.
Белгилей кетсек, Бишкектеги спорт ордосуна Кожомкул Каба уулунун ысымы ыйгарылган.
15-октябрдын жылнаамасы.