Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эч жакка качкан жок, учурда ал Бишкекте. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бабановдун фракциялашы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Айта кетсек, бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыктар боюнча Сооронбай Жээнбеков 50 пайыздан көп добуш алып 1-турдан эле утууда. Ал эми Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Бул алдын ала маалыматтар чыккан соң Өмүрбек Бабанов сыртка чыгып кеткени тууралуу сөздөр тарай баштаган.