Президенттик шайлоого көз салган КМШнын байкоочусу: “Өлкөдө тополоӊ болуп кетеби деп чочулаганбыз”

“Кыргыз жериндеги президенттик шайлоодо техниканын убактылуу иштебей калышы жагымсыз окуяга алып келет деп коркконбуз”, - деди бүгүн, 16-октябрда маалымат жыйында кечээги шайлоого көз салган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин байкоочусу Сергей Лебедев.

Анын айтымында, чет элдик байкоочулар өлкөдө баш аламандык болуп кетеби деп чочулашкан. “Техникалар иштебей калары менен адис келип ыкчам оңдоп жатты. Ал эми техникалар массалык түрдө иштебей калды деген маалымат туура эмес. Добуш берген учурда электрондук урна иштебей калды. Бирок бул добуш берүү процессине олуттуу тоскоолдук жараткан жок”, - деди Лебедев.

Ал билдиргендей, эл аралык байкоочулар шайлоо позитивдүү өткөнүн белгилеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан