"Жарандык платформа": "Жарандар шайлоого активдүү катышкан жок"

Бүгүн, 16-октябрда "Жарандык платформа" коомдук уюмунун өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо таза өткөнүн белгилешти. Аталган уюм тарабынан өлкө ичиндеги 12 шаарга 500 байкоочу жиберилген.

Уюмдун өкүлү Тимур Арыковдун билдирүүсүнө ылайык, шайлоого жарандар активдүү катышкан жок.

"Жарандар шайлоого активдүү катышкан жок. Буга айрым жарандардын өзү каалаган талапкердин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жетиштүү болбогону түрткү болду көрүнөт", - деди Арыков.

Ал эми аталган уюмдун байкоочулары катышкан шайлоо тилкелеринде 21 кемчилик орун алган.

"Шайлоо жарандардын укуктук маданияты төмөн экендигин көрсөттү. Анткени мыйзам бузуулар тууралуу билдирип чыккандар аз болду. Ал эми биз каттап калган кемчиликтердин көпчүлүгү техникалык мүчүлүштүктөр болду. Албетте, добуш сатып алуулар, шайлоо учурунда комиссия курамы тарабынан үгүт жүргүзүү боюнча да фактылар бар. Ошто биздин бир байкоочу шайлоо тилкесинде комиссия мүчөсү тарабынан үгүт иши жүргүзүлгөнүн байкаган. Байкаган соң дароо барып токтоткон", - деп айтышты аталган коомдун мүчөлөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан