Жарандык коом үчүн коалициясы: "Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар дээрлик катталган жок"

Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар дээрлик катталган жок. Мындай пикирин бүгүн, 16-октябрда жарандык коом үчүн коалициясынын мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоо кээ бир майда мыйзам бузууларды эске албаганда бардыгы мыйзамдын чегинде өттү", - деди коалициянын президенти Азамат Адилов.

Коалициянын өкүлдөрү өлкө боюнча байкоочу катары шайлоонун жүрүшүнө катышып, орун алган айрым тартип бузууларды каттап, тиешелүү мекемелерге отчёт берип турушкан.

Жалпысынан өлкө боюнча коалициянын атынан 1000 байкоочу шайлоого катышкан. Алардын берген маалыматына ылайык, шайлоо учурунда жарандар алдын ала каттоодон өткөн шайлоо тилкесиндеги тизмеден аты-жөндөрүн таппай калгандыгы маселе жараткан.

"Негизинен бизге түшкөн кайрылуулардын көбүн өзүн тизмеден таппай калган жарандардын билдирүүлөрү түздү. Биз бул маселелерди каттап атайын чара көрүү үчүн тийиштүү жакка жөнөтүп жаттык", - дейт коалициянын координатору Улан Дастан уулу.

Кыргыз өлкөсү боюнча шайлоо тилкелеринин 97 пайызы саат 20:00дө жабылса, калган 3 пайызы белгиленген убакыттан эрте жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2017-10-16 13:50:51
Уктап жаткан окшойсунар.
+3
lizaliza
2017-10-16 13:55:19
НТС тен кордук эмне болгонун. ХХХХ
+2
engel
2017-10-16 15:15:15
Ооба аябай укмуш таза отту соз жок! Азаматтар!
+1
Rasul94
2017-10-16 15:37:12
керемет болду шайлоо.качан келет эми 6 жыл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан