Өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев: "Элди бузган саясатчылар, бул митингди бирөө уюштуруп жатат. Азыр абал тынч"

Бүгүн, 16-октябрда Талас шаарында 3 миңдей эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышты. Алар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушуп, шайлоо тууралуу өз пикирин билдирди. Ал митинг туурасында SUPER.KG'ге айтып берди.

"Таза шайлоо Таласта болду. Өмүрбек Бабанов Таластан 85 пайыз добуш алды. Силерге бул таза шайлоо эмеспи? Мага айткылачы, кайсы административдик ресурс? Анткени мен Фейсбуктагы баракчама ачык жазып жаттым "бирөөнү бирөө мажбурлаган фактылар болсо бергиле. Ошол эле мугалимдер, дарыгерлер болобу, ким болбосун жумуштан кетет, сөз берем" деп. "Акча таратылды" деп жатышат. Ким таратты? Эч бир талапкер тараткан жок. Таласта эң акыйкат жана таптаза шайлоо болду. Талас эли эркин эл, мажбурласаң тескери жасаган эл.

Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш деген менин айылымда 3400 шайлоочу болсо, 90 пайызы Бабановго берди. Мен ага кийлигишкен жокмун. Ошондуктан "таза өттү" десем, "жок, башка аймактарды айтып жатабыз" дешти. Башка аймактын эли чыккан жок го. Бирөө уюштуруп жаткан нерсе бул. Элден айланса болот. Элди бузган саясатчылар", - деди Кенекеев.

Өкмөт өкүлү митингчилер дале болсо топтолуп турганын, абал туруктуу экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
AIZAD
2017-10-16 18:45:15
Туптуура соз!!! Кыргыз элиме Тынчтык!!!!
-5
Izana
2017-10-16 18:46:53
Таластыктардан коркуп Бабановдун добушун кобуроок кылгансынар да. Эми калп эле таласта таза отту деп... Таласта таза отсо, башка региондордочу???
+20
Valley.of.the.Wolves
2017-10-16 18:52:07
Мыйзам бузулган участкалардын добушун жокго чыгарылсын!!!
+14
e-vawa.
2017-10-16 18:54:50
Коробуз, качанга чейин уланат экен, бул бийлигинер.
+11
Azatbek83
2017-10-16 19:03:44
Жээнбеков Атамбаевдерге жана акчага сатылгандардын башчысы Биздин президент Мадумаров
-6
Patriot7
2017-10-16 19:29:14
Кенекеев Кыргызстан боюнча шайлоо кандай ыпластыктар менен коштолгонун билет бекен?!!

Ошол таза шайлоо болбой, Жээнбеков Мадумаров менен Бабановдун шайлоочуларын уурдап, студент, бюджетниктерди коркутуп-мажбурлап шайлаттырганын билет бекен?!! Шайлоо таза отсо, Жээнбеков 2-турга да чыкпашы мумкун экенин билет бекен?!!
+6
Eksvp_1
2017-10-16 19:37:27
ХХХХ Путин, Назарбаев биздин президенти Сооронбай Жээнбековту куттуктады значит Сооронбай Жээнбеков татыктуу
-8
Tuke8686
2017-10-16 19:38:38
Таза откондо Адахан Кимсанбаевич 80% менен чыкмак
+6
Tuke8686
2017-10-16 19:39:55
Окунучтуу бийлик эст бийлик ХХХХ окатын кылды озу деле уялып жатса керек не кылып койдум деп
+8
Azatbek83
2017-10-16 21:26:36
Озу пример министирлике келгенде куткон эмес элем кокусунан болдум дегенго ошондой эле билбей эле капысынан ажо болдум деп олтургандыр
+4
abusait
2017-10-16 21:27:38
Азчылык копчулукко баш ийиш керек. Ошол биздин негизги проблема.
+4
admin_superstan
2017-10-17 11:11:26
SansaNePredaiJohna, этика нормаларын сактаңыз. 3 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-10-17 11:12:18
TIMON_BERKOWITZ, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Rasul94
2017-10-17 12:02:31
бир кун мурда эмне деп суйлоштук эле.Эми 6 жыл бармак соробуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан