Саат 10:00гө карата Таласта абал тынч (фото)

Бүгүн, 17-октябрь саат 10:00гө карата Таласта абал тынч. Топтолгон эл көрүнбөйт. Айрым жергиликтүү тургундардын айтымында, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин митинги бүгүн да уланышы мүмкүн.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев "Таласта коомдук-саясий абал туруктуу. Бардык мамлекеттик мекемелер кадимкидей штаттык режимде иштеп жатышат. Кечээ чогулгандар таза шайлоо болгон жок дешти. Бирок чынында Таласта таза шайлоо өттү. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң эл тарап кетти", - деди.

Эске салсак, кечээ Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун 3 миңдей тарапташтары чогулуп митинг өткөрүшкөн. Митингчилер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп "административдик ресурс пайдаланылган. Шайлоо таза өткөн жок", - деп чыгышкан. Алар менен Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү жолугуп, сүйлөшкөн. Эл саат 20:30дар чамасында тарап, митинг 17-октябрда уланарын айтышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Samatikov
2017-10-17 10:59:30
Тынч эле болсун. Дагы бир тонкорулуштун кереги жок. Карапайым эл гана жабыр тартат. Атка минерлер кайра эле жанагысынан танбайт. Карыган карышкырлар кырылганча...
+1
isabek1977
2017-10-17 18:50:38
Samatikov,Митинг кылабыз деп кочодо коп жулбогуло.Суук тушуп калды.Колунарга кармап журуп опконорго суук тийгизип аласынар.
-3
Patriot7
2017-10-17 11:23:58
Эл укуктары бузулуп тебеленсе, оз укуктары учун, чындык, адилеттуулук учун курошуп таза шайлоону талап кылып митингге чыгуусу мыйзам ченемдуу да, мыйзамдуу да корунуш......

Балким Таласта таза шайлоо отсо откон чыгаар, бирок калган аймактарда ото ыплас шайлоо отконун бийлик танса да, эл танбайт...

Мен мисалы, элдин оз укуктары учун мыйзам чегинде, митингге чыгып курошуусун колдоймун. Шайлоо башынан откорулушу керек. Эл да, мен да бул шайлоо жыйынтыгына макул эмеспиз..
+7
Patriot7
2017-10-17 11:29:20
Чет жерде миллиондон ашуун мигранттарыбыз журот. Бир Россиянын озундо эле миллионго чукул мигрант мекендештерибиз бар. Алардын копчулугу кунуно 12-16 сааттан, жумасына 6 кундон оор жумушта иштешет. Ден-соолуктарынан айрылып жатат. Кыргызстанга келсе биртке дарыланымыш болуп кайра жонойт Россияга, жокчулук, жумушсуздуктун айынан... Аларды ким ойлойт?!! Жылуу жерде отуруп алып адилетсиздикке моюн сунуп, талаалап журо бергиле таризинде жазып жатасынар бийликтин созун суйлоп.....
+5
Rasul94
2017-10-17 11:42:37
Patriot7,кана ошол мигранттарын шайлоо куну
-2
Patriot7
2017-10-17 11:52:28
Rasul94, мигранттарга ачык эле бут тосуу болуп шайлоого катыштырылбаганын билип туруп билмексен болуун жакшы адамдын кеби эмес...

Кандай бут тосуулар болду, эмнеге шайлоого бир миллион мигранттан 5 минге жетип жетпеген мигрант катыша алганын ошол мигранттардан бир сурап кор......


Мисалы Америка Кыргызстандагы 10-20 адамын шайлоого катыштырат. Бизде бир миллион адам шайлоого катышпай калып жатат.. Анан кайдагы таза шайлоону айтып жатасынар?!!
+1
Rasul94
2017-10-17 11:58:41
Patriot7,катуу тийсе кечирим сурайм.куйуп атам туура тушун.эээ кайран элим ай.билип туруп жанылдык
+4
Patriot7
2017-10-17 11:34:19
Эч кайсы бир президент бийликти оз ыктыяры менен элге откоруп бергиси келбейт корунот... Эл Акаевден тажап, эми тактан кетет деп турганда уул-кыздары, куйоо баласы саясатка активдуу аралаша баштады. Ушундай ыплас шайлоо откоруп (азыркы даражада ыплас эмес), ошол шайлоо жыйынтыгына эл нааразы болуп, эл толкуп, Акаев олкодон качты... Шайлоо таза отпой, эл алгач Жалал-Абадда толкуп, бул толкундоолор башка аймактарга жайылып, акыры Бишкекте бийликтин алмашуусуна жеткирген...
+2
Patriot7
2017-10-17 11:38:55
2009-жылы Бакиев досрочно президенттик шайлоо откоруп, кайра президент болуп шайланган. Элдин жашоосу начарлап, бийликтин зулумдугу куч алган. Акыры Таласта эл толкуп, бийлик куч колдонуп, элдин нааразычылыгын кучоткон. Акыры бул да Бакиевдин тактан кулоосуна себепкер болгон...

Бугун Кыргызстанда "Ак жолчуларга" окшоп, бийликтин дээрлик бардык бутагында СДПКчылар отурат, аким, мэр, губернатор, министрлер, прокурор, сот ж.б. бут баары СДПКчы..... СДПК бийликти колуна жыйып алган.
+1
Patriot7
2017-10-17 11:42:46
Кыргызстанда саясий оппозиция окулдору ачык эле бийликтин куугунтугуна кабылууда. Мисалы Мырзакматовдун соттолушу, Текебаев менен Садыр Жапаровдун куноолору толук далилденбей эле соттолуп камалышы... Эгемен Кыргызстан тарыхында эч бир шайлоо, референдум таза откон эмес, бирок бул денгээлде ыпластык болгон эмес эле. Мындай ыплас шайлоого элдин копчулугу, басымдуу копчулугу нааразы болууда...
+1
baisogur
2017-10-17 11:51:00
Patriot7,сенда бир партиянын мучөсү эмессинби карагым Ким эле Кыргыз үчүн күйбөсүн бирок бирикүн келет буйруса баарыбыз бир коломтодо үй бүлөөбүз менен мекенибизде бирге болуу насип кылсын
-2
Patriot7
2017-10-17 11:47:44
Ошол себептуу эл мыйзам чегинде митингге чыгып оз укуктары учун курошкону, бул шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылганы, бийликке башкадан таза шайлоо откоруу талабын койгонун мен колдоймун...

Бийлик копчулуктун пикири менен эсептешип элдин талабына конушу керек, бул шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек.

Бийлик ага макул болбой элге куч колдонуп таратчу болсо, элдин нааразычылыгы ого бетер кучойт. Анда 7-жыл мурунку окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
+2
Patriot7
2017-10-17 11:59:21
Атамбаев "мен бийликти тынчтык жолу менен откоруп беремин. Мен мураскер дайындабаймын. Мен таза шайлоо откоромун" деген создорунун бири да чындыкка жакындаган жок... Баары калп!!!

Биринчиден Атамбаев ачык эле мураскер тандап, бул адам менин жолумду жолдойт деп элге жар салды, мураскер тандап.... Озу шайлоо астында талапкерден бетер Кыргызстанды кыдырып, облус, шаар, район жетекчилери, аткаминерлери менен жабык эшик артында жыйын откоруп журду.
+2
Patriot7
2017-10-17 12:03:14
Атамбаев шайлоого жакын элди ачык эле оз мураскерин колдоого угуттоп, башка талапкерлерди ачык эле каралай баштады. Атугул шайлоо куну да бир талапкерди каралап-шыбап, аны мамлекеттик телеканалдар кечке корсотуп туруп алды... 350 мин адам форма 2 толтуруп Жээнбековду шайлоого мажбурлоо болду... Кана ошондо Атамбаевдин таза шайлоо откором деген убадасы?!! Эми Атамбаев кучко салып оз адамын такка отургузуп жаткан сон, бийликтин тынчтык жолу менен алмашып жатканы ушулбу?!!
+1
Rasul94
2017-10-17 12:16:36
туугандар менин короо жайымды карап тургулачы мен кеттим башка шаарга.аманчылык болсо 6 жылдан кийин келем
+4
temirov76
2017-10-17 14:17:53
Rasul94,кош бол Кыргызстан 6жылгабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан