Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Ноокат районунда Көк-Жар айылынын мектебинде 41 жылдан бери оңдоо иштери болбогонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Ошондуктан капиталдык оңдоого акча бөлүп берүүнү өкмөттөн суранганбыз. Каражат бөлүнүп бериле элек. Андан тышкары мектептин жылыткыч системи иштебейт экен. Мына азыр кыш келип калды, акча каражат бөлүнгөн жок. Биз окуучуларга шарт түзүп беришибиз керек. Ошол айыл жеринде мектептин жылуулук системи иштебесе, балдар кантип билим алат? Тез аранын ичинде акча бөлүп жылыткыч системин оңдоп берүүнү көзөмөлдөп берүү керек", - деди депутат.