Саламаттыкты сактоо министри: "Акы төлөнүүчү оорукананын палаталары мыйзамдашкан"

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмазбек Токторов облустук ооруканалардын бири акы төлөнүүчү палатадан бюджетке бир жылда 500 сом которгонун айтты. Бул тууралуу депутат 23-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Ал саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевден акы төлөнүүчү палаталар мыйзамдашканбы деп сурады.

Батыралиев акы төлөнүүчү палаталар мыйзамдашканын белгилеп, анын баасы Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги аркылуу бекитиле турганын билдирди. Жыйында Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан