Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз мамлекеттик Медициналык академияда ординатор жана студенттердин катышуусунда "Үй-бүлөлүк дарыгер - биздин замандын каармандары" аталышында конференция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Медициналык академиянын үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкуловдун кадрлардын жетишсиздиги жөнүндө айтып берди.
"Азыркы тапта бизде 20 клиникалык ординатор билим алып жатат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3-4 эсеге көп. Былтыр окуу жайдан 2 үй-бүлөлүк дарыгер чыккан. Биздин кафедра үй-бүлөлүк медицинага көңүл бурууну жогорулатуу максатында 2017-жылы негизделди. Эгер 1 дарыгер 2 000 адамды карашы керек десек жалпы 3 000 миң дарыгер болушу керек. Бизге 1500дөн ашуун дарыгер жетишпейт", - деди ал.