19-октябрь күнү Өзгөн районундагы Кароол айылында 20 жаштагы айдоочу 10 жашар Марзия Зулпукарованы Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кетип, кыз ошол жерден каза болуп калган. Маркумдун апасы Нургүл Парманкулованын 25-октябрда SUPER.KG'ге билдиришинче, кызын милиция кызматкерлери бараткан унаа сүзгөн. Ал күбөлөрдүн пикирине таянып, унаа катуу ылдамдыкта келе жатып сүзгөнүн айтууда.
"Кызым жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен кесип өтүп мектепке баратканда унаа катуу ылдамдыкта келип 7-8 метрге учура сүзгөн. Айдоочу катуу айдап келатканы үчүн унаасын токтото албай 100 метрге сүрүлүп кеткен. Күбөлөрдүн айрымдары унааны Өзгөн РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкери башкарып баратканын көргөнүн айтышууда. Бирок ал милиция кызматкери жөн гана айдоочунун жанында болгонун, унааны кырсык болгондон кийин башкарганын билдирди.
Ага макул дегенибиз менен айдоочу Мусабек Ормонбеков өзү Оштогу Спорт жана дене тарбия комитетинде, бир тууган агасы Султан Ормонбеков РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүндө иштейт экен. Ошондуктан тергөө иштерине тоскоолдук жаратып коюшабы деп кооптонуп жатабыз. Бүгүн ата-энеси "кокустук болуп калды, уулубузду кечиргиле" деп келишиптир. Чырактай кызымдан ажырап отуруп, кантип кечирип коюшум керек?! Болгон аракетимди жумшап, анын мыйзам чегинде жазага тартылышын талап кылам", - деди каза болгон кыздын апасы.
Ал эми милиция кызматкери Султан Ормонбеков иниси жол кырсыгына күнөөлүү экенин жана катуу ылдамдыкта келаткан болушу мүмкүн экенин айтып берди.
"Унаа атама катталган. Бирок көпчүлүк учурда мен айдайм. Ошол күнү иним Өзгөндөн Ошко баратканда жолдон 10 жаштагы кызды сүзүп алган. Мен өзүм да милиция кызматкери болгондуктан билем, жай баратып сүзгөндө кыз өлбөй калмак. Саатына 60 же 70 чакырым ылдамдыкта бараткан болушу мүмкүн. Ал эми инимдин жанында биздин бөлүмдө иштеген бала болгон. Жабыркаган кызды ооруканага жеткирүү керек болгондо унааны башкаруусуна туура келген", - деди Ормонбеков.
Кырсыкка күнөөлүү катары шектелип жаткан адам Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттук-медициналык, автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.