ӨКМ: "Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды"

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Мында балдардын от менен ойноосу, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы убактарда кургак чөптүн күйүшү көп катталгандыгына байланыштуу жарандарды коопсуздук эрежелерин туура сактап, жаш балдардын тилсиз жоо менен ойношуна жол бербөөгө чакырык жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан