Ак-Талаа районунда жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу күнүнө арналган иш-чарага ӨКМнын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жарандык коргонуунун коомдук тартипти камсыздоо кызматынын кызматкерлери, саламаттыкты сактоо, энергетика тармагында иштеген адистер катышты.
"Иш-чаранын алкагында жер титирөө коркунучу болгон учурунда окуучулардын иш-аракеттерин көрүп, мектеп жамаатына усулдук жардам көрсөтүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.