Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Калдарбек Баймуратов Бишкек-Ош аба каттамынын санын көбөйтүүнү сунуштады.
"Күндүзгү аба каттамдарына билеттер 4 миң сомдон ашып кетти. Кечки аба каттамдарынын баасы 2 миңден жогору. Биздин жарандар бул акчаны табышы кыйын. Каттамдарды көбөйтүү керек. Антпесе жол кырсыктары боло берет. Негизинен түндүк-түштүк аба каттамы. Каттамдарды 2-3 авиакомпания ээлеп отура берсе билеттин баасы арзандабайт. Ири учактарды алып келип, элдин акчасы жете турган баада каттамдарды киргизүү керек. Кыш келе жатат жакында жол муз боло баштайт. Кырсыктар көбөйөт", - деди Баймуратов.