"Союз кезинде Кербен шаарга окшош айыл болсо, азыр айылга окшош шаар" дейт депутат Эргешов

Жогорку Кеӊештин 26-октябрдагы жыйыны уланууда.

Жыйында депутат Алмазбек Эргешов Аксы районунун борбору каралбай калганын айтты.

"Союз маалында Кербен шаары айыл деген статуста болгону менен шаарга окшош эле. Эгемендик алгандан кийин Кербенге шаар деген статус берилген, бирок кебетеси айылга окшошуп бара жатат. Бүгүн Кербен чоӊ базарга айланды, курулуштар белгиленген чектен сырткары чыгып курулууда. Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясына тапшырма берилиши керек. Ушул жана Таш-Көмүр шаарынын генералдык планын аныктап, шаар кантип өсөрүн аныктоо керек болуп турат. Бул шаарлар кантип өнүгөт, кандай өзгөчөлүктөрү бар, социалдык жайлар кайсы жерлерге курулат, мунун баарын аныктоо зарыл", - деди Эргешов.

Маалымат үчүн: Аксы районунун борбору Кербенге шаар статусу 2004-жылы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2017-10-26 11:15:14
туп туура айттыныз чынында биз бала кезде Кербен айыл болчу бирок шаардай болуп турчу завоттор бар эле винзовод колбасный цех селхоз техника ПМК маслозавод ии ишикылып баары бар эле туну жаркырап турчу азыр ошонун бирида жок машынанын кобойгону болбосо башка эч нерсе жок Алмаз аке туура айтыпсыз эми жолдордон биринчи баштаса жакшы болмок
+1
molorbaev
2017-10-26 11:44:34
Депутатыбыз туура айтат. Кербен шаарга окшобойт. Бирок, мумкунчулугу бир топ жогору. Жогору карай остуруп, аянтын да чонойтууга мумкунчулугу бар. Аэропортту иштетсе жакшы болмок. 4-5 райондун, 3-4 шаардын калкы ушул аэропорттон пайдаланып, ошол нерсеге конушсо, баарына пайдалуу эле болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан