Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеӊеште жол кырсыктарын азайтууга багытталган мыйзамдын долбоору талкууланды. Депутат Дастан Бекешев сунуштаган документте айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү нормалары сунушталууда.
Мисалы, айдоочу жабырлануучунун ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирсе, 3 жылга чейин автоунаа башкаруу укугунан ажыратылып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Эгерде автокырсык жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе 3 жыл айдоочулук укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Эгер бир нече адам каза болсо 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралат.
Ал эми айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылса, 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөөгө тыюу салуу же айыпка жыгуу, же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.