Алматыда Кыргыз мамлекетинен барган сүт азыктары талаптарга жооп бербейт деген негизде жок кылынды. Казакстандын ЖМКларынын маалыматына караганда, өлкөнүн Айыл чарба министрлиги менен тийиштүү кызматтар Кыргыз мамлекетинен барган азык-түлүктөрдүн ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн натыйжасында, соода ишканаларынын кампасынан Кыргыз мамлекетинен алынып барган 127,8 килограмм сүт азыктары ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегенин көрүшкөн. "Азыктардын качан даярдалганы, аны сактоо мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Негизгиси сүт азыктарын өндүргөн ишкана өз өнүмдөрүн камсыз кылууга укуктуу компаниялардын тизмесинен табылган жок", - деп жазышууда айрым ЖМКлар.