Ош шаарындагы таштанды челектен башы жок табылган аялдын өлүмүнө шектүү катары кармалган маркумдун келинин жана кудачасын тергөө абагында кармоо дагы 1 айга узартылды. Мындай маалыматты Ош ШИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге бүгүн билдиришти. Белгилей кетсек, аталган кылмышка шектүү аялдарды Ош шаардык соту тергөө иштери аяктаганча 30-октябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.
"Тергөө иштери толук аягына чыга электигине байланыштуу сотко шектүүлөрдүн тергөө абагындагы мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчү киргизилген. Шектүүлөрдү тергөө убактысы дагы 1 айга созулду. Себеби аталган оор кылмыш иши боюнча 4 экспертиза дайындалып, алардын жыйынтыктары чыга элек. Башта белгилүү болгондой, маркумдун башын шектүүлөр кесип, өзүнчө ыргытып жиберишкен. Учурда аны издөө иштери уланууда, бирок жыйынтык бере элек. Учурда шектүүлөр Жалал-Абад облусундагы аялдар камагында камакта", - деп билдирди Ош ШИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген белгисиз аялдын жансыз денеси табылган.
Ош ШИИБинин берген маалыматына таянсак, маркумдун аты-жөнү такталып, анын А.Жумагүл аттуу аял экендиги аныкталган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалган. Алардын бири каза болгон аялдын келини болгон. Шектүүлөр ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып беришкен.
Кошумчалай кетсек, шаардык милициядан билдиришкендей, шектүүлөр "маркумдун башын ушул жерге таштаганбыз" деп көрсөтмө берген жерден анын башы табылган жок. Ал эми маркум 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылында башы жок жерге берилген.