Ош ШИИБи башы кесилген аялдын өлүмү боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди (хронология)

Ушул жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген, белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин эки суткада ачышты.

Ош ШИИБинин маалыматына караганда, маркум 1966-жылы туулган А.Жумагүл. Ал Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылынын тургуну. Үй-бүлөсү менен Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы үйүндө жашап турган.

"Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Умсанай (маркумдун келини) жана анын 1980-жылы туулган бир тууган эжеси Гүлнара кармалды. Алар кылган иштерин толук моюндарына алышты. Алгачкы тергөө көрсөткөндөй оор кылмышка баруунун себеби үй-бүлөсүн сактап калуу болгон. Шектүүнүн айтымында, маркум "сен балама татыксызсың, сени ажыраштырам" деп айта берчү. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

Кылмышка шектүү Гүлнара өз көрсөтмөсүндө буларды айткан.

"26-август күнү эртең менен болчу. Үйдүн коңгуроосу катуу басылганынан жиним келип чыксам сиңдим келиптир. "Эмне болду?" десем "кайненемди өлтүрүп алдым" деди. Мен ишенген жокмун. Анан экөөбүз үйүнө бардык. Барсам аялдын жансыз денесинин үстүнө төшөк жаап коюптур. Мен эмне кылышты билбей калдым. Колумда балам бар эле", - деп көрсөтмө берген.

Окуянын хронологиясына токтолсок:

26-август саат 07:00. Келиндин күйөөсү жумушка кеткен соң маркум уул-келинин ажыраштыруу маселесин козгоп, келинине оор сөздөрдү айткан. Андан соң өзү жаткан бөлмөгө кирип, уктап кеткен.

26-август саат 09:00. Келини ачууга алдырып, сырттан алып келген таш менен кайненесин башка бир нече жолу урган. Анын өлүп калганы билинген соң өзүнүн бир тууган эжесинин үйүнө барып кайненесин өлтүрүп алганын айткан.

26-август саат 10:00. Эжеси экөөлөп маркумду үйүндөгү буюмдарга орошуп, чоң сумкага салышкан. Андан соң Анар кичи районундагы эжесинин үйүнө алып барып, балконго чыгарып коюшкан.

26-август саат 14:00. Эжеси экөө кеңешип, аялды жиликтөө чечимине келишкен. Умсанай борбордук базардан чоң сумка жана жаңы курчутулган бычак сатып келген. Эжеси өзүнүн жана сиңдисинин балдарын сыртка алаксытып алып чыгып кетет. Ошол учурда келини маркумдун башын кесип, бөлөк полиэтилен баштыкка салган. Буттарын дагы кесип ажыратууга аракет жасаган, бирок кыла алган эмес. Балдарды сыртка таштап келген эжеси экөөлөп үй буюмдарына (анын ичинде улуттук көшөгө дагы бар) ороп, чоң баштыкка салып, түн киргенге чейин балконго чыгарып коюшкан. Кеч киргенге чейин экөө тең өз үйлөрүндөгү кандын тактарын жууп, тазалап коюшкан жана өзүлөрүнүн күнүмдүк тиричиликтери менен алектенишкен.

26-август саат 21:30-22:00. Эжесинин үйүнөн балкондогу жансыз денени Умсунай көк түстөгү автоунаага салып, Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнага салып келген. Сөөктү унаадан түшүрүп таштандыга салууга ошол жердеги жарандардан жардам сураган. Алар баштыкта өлүк бар экендигине шектенбестен келинге жардам беришкен. Ал эми маркумдун башын эжеси Гүлнара өз алдынча Ош шаарынын К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу урнага таштаган.

Азыркы тапта маркумдун башы табыла элек. Анткени 27-август күнү "Тазалык" ишканасы таштандыларды тазалап кетишкен.

Маалымат катары айта кетсек, кылмышка шектүү аялдын бир уул, бир кызы бар. Ал эми кылмышка шектүү катары өтүп жаткан анын эжеси Гүлнаранын дагы үй-бүлөсү бар.

Кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан деп келини шектелүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (52)
doping1
2017-08-29 20:32:31
менин колуман тоок союш келбейт
+4
Paprikafm
2017-08-29 20:46:55
Айылдаштар болот,кыздар начар кыздар эле деп жатышат айыл эли
0
kanatbekabytovich82
2017-08-29 21:08:29
Айылдаштар бллсо начардыгын билип туруп келин кылды беле ыя ХХХХ жердештери???
Бир алаканды канча силксен да шак эткен ун чыкпайт!!!Эки алаканынды бирине бирин чапсан гана шакылдайт!!!!!Олгон аял дагы жон олбоду да,бар да бир нерсеси!!!
Жеткирди да беркини,быдылданып,каргап шилеп атып!!!
+8
sardaralay
2017-08-29 21:22:40
Менда ошол ойдомун, кайненеси ажыраштырам деп кечке айтберген, дейберген анан келиндин нерви тутоп кеткен да таш менен чаап салган мэ сага деп.
+8
Bishkek
2017-08-31 00:44:03
sardaralay
Эми кудай сакта ажыратам десе же ажылдай берсе Эле башын кэсе бериш керекпи? Мен койду де торкто сойуп атса карап тура албай козум корбогон жака басып кетем, тоба кылдым негизи кудай адам затына нысап бересин
+1
Medinaa
2017-08-29 21:24:12
Келин менен эжесин тааныйм,айылдаштар эле(Кудай сакта!Элдин баары шок болуп жатышат.
+3
zhykyo
2017-08-29 23:15:31
Medinaa,Дени карды соо эле немелер беле
+1
rahali
2017-08-29 22:37:50
Олум жазасына тартыш керек мындай келиндерди
+1
Janylai2012
2017-08-29 23:27:32
Кудай озун баарыбызга ыйман бере кор.озумон да эмес балдарымдын келечегинен корком.элдин пейили онолуп.ыймандуу болушса экен
+2
Nora
2017-08-30 04:16:25
kelin jaman emes bargan jeri jaman dep koiot kyrgyzda , tak to ar kim oz jazasyn alyp atyptyr ! biroonun altyndai apasy jer menen bir bolup jatyp kalsa, biroonun altyndai kyzynyn tagdyry tashbaran boldu, ar nerseni kylaarda oilonuuup ish kylsak ushundai uroi uchurgan okuyalar bolboit bele deim.
+1
admin_superstan
2017-08-30 11:05:57
ernis-osh, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынат.
0
femidakg
2017-08-30 14:01:46
Окунучтуу, окунучтуу... Ачууга алдыртты да байкуш келин. Канткен кундо да адам олтурууго барбаш керек болчу.
Бирок, бирок дегим келет да кээ бир кайненелер чектен ашат да, рас баланы кызганасынбы анда уйлобо кучактап жат, келин да бироонун чырактай кызы да, анын да козун караган атасы, акелери бар.Анан эле алып алышып кулдай коргон кайын журттар бар арабызда. Кыргызстанда копчулук келиндер личность катары жок болуп кетишкен, бир кул катары кун коргондор коп.
+3
Sagidko88
2017-08-30 20:23:14
Канткен кундо да олтурбошу керек болчу. Кайра кескилегенин айт. Мен да келинмин. Кайынэнеге жакпай баратса ажвраш нары же болунуп чык. Омур бою чирийт эми турмодо.балдарына убал болду
0
sely
2017-11-29 17:25:16
Мен баардык комменттерди окуп бир нерсени айткым келди. Кыз кезек кандай сонун ээ. Ата энендин мандайында жаркылдап осуп тарбияланып КЕЛИН деген соз жонундо анча мынча маалыматын болсо да алдыда эмнелер кутуп турганын билбейсин. Эхх дунуйо. Биздин менталитеттеги КЕЛИН-БУЛ КУЛ. Деген тушунукту качан жоет экенбиз. Мени кайненем кайнатам оздору коруп, сынап сураштырып,суруштуруп анан келин кылып алышкан. Бирок келин болгондон коп отпой мен учун тозок кундор башталган. Эртеден кечке тыным.
0
sely
2017-11-29 17:30:21
Эрте менен туруп короо шыпырмай Сааркы чай, тушкуго ысык тамак,полдник уйдун уборкасы арасында идиш жуумай уй булоо мучолорунун баарынын турсасына чн жуумай шейшеп жуз аарчуу дасторкондорду айтпай эле коеюн анан кечкиге ысык тамак короодогу малдарды кароо да келиндердин милдетине кирчу азыр деле ошол акыбал. Кыскасы КУЛСУН. Булардын баарына моюн сунуп бир турмушта жашайын деп чыдадым. Баарынан жанды кашайтканы кайненемдин апан сойрук сен балама татыктуу эмессин атан алкаш уй булоон кедей тигинин
0
sely
2017-11-29 17:35:41
Келинине моомундай сеп бериптир тигинин апасы озу эле карайт экен кызын деги койчу журок ооруткан кандай гана создорду айтчу баарын бир да тил кайтарбай кучумдун жетишинче кулдай кызмат кылып чыдап журдум. Мен адеп кул дегениме ачуунар келбесин себеби таллага да чыкчубу кап которуп кетмен чаап эркектерден калышпай эки кундун биринде тандырга 20 дан нан жапчумун ал аралыктарда окуумдан отчисление болдум жакшы жумушуман айрылдым алтындай болгон балдарды тородум. Айтор кайненеге ушунчалык чыдадым.
0
sely
2017-11-29 17:41:44
Создун кыскасы. Айланайын кайнене болгон апалар силер жаш кыздарга караганда жаш келиндерге караганда алда канча акылдуусунар турмуштан тажрыйбанар бар. Макалды эле тушун алсанар болду. АЛДАСА БОЛОТ ЖАШ БАШТЫ КАНТСЕ БОЛОТ КАКБАШТЫ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан