27-августта Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды салуучу челектен башы жок табылган маркум А.Жумагүл жерге берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.
"Чоң-Алай районунун жашоочусу, келини тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн делген А.Жумагүл 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылына жерге берилди. Тилекке каршы, башы жок. Маркумдун туугандарынын жана милиция кызматкерлеринин издөөлөрү натыйжа берген жок", - деп кабарлайт аталган кызмат.
4 күн бою башы изделип, жерге берилбей турган денени жергиликтүү имамдар башы жок көмө бергиле деген уруксатын берген.
Эскерте кетсек, 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген, белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин эки суткада ачып, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Умсанай (маркумдун келини) жана анын 1980-жылы туулган бир тууган эжеси Гүлнараны кармашкан. Шектүү маркум кайненеси "сен балама татыксызсың, сени ажыраштырам" деп айтканы үчүн ушундай кадамга барганын айтып көрсөтмө берген.
30-августта Ош шаардык соту кайненесин өлтүргөнгө шектелген келин жана анын эжесинин баш коргоо чарасын карап, аларды 30-октябрга чейин тергөө абагында кармоо боюнча чечим чыгарган.