Өкмөт башчы "көмүр, газ жана күйүүчү майдын баасы кымбаттабасын" деди

Бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Сапар Исаков керектүү товарлардын баасын кымбаттатпоо тапшырмасын берди.

Ал газдын, көмүрдүн, күйүүчү майлардын баасы жогорулабашы керектигин айтты.

Ошондой эле өкмөт башчы күз-кыш мезгилинде электр энергияны кезеги менен өчүрүү болбошу зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр Казак тараптан Кыргыз өлкөсү 100 миллион доллардан эмне үчүн баш тарткандыгы тууралуу айтты.

“Биз бул каражатты мурда күткөнбүз, азыр берилбей турганы белгилүү болду. Жол картасы ишке ашуусу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бюджеттен өткөрүү бекети үчүн, жабдууларды алууга жана лаборатория курууга акча бөлүндү”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arlenchik
2017-10-30 21:15:20
Соз боюнча калтырбай айткандарынарды жеке козомолунорго алып иш жузундо аткарсанар азаматсынар!
+1
konur-olon
2017-10-30 21:43:17
кыш жакындап келе атат комурду кымбаттатпаса экен карапайым элеге эле жаман болот.
+1
Isco23
2017-10-31 09:55:39
Ушинтсе эле токтоп калат имиш кагаз жузундо бирдеке кылсан балп эттирбей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан