БШК: "Жээнбеков, Бабанов жана Мадумаровдун күрөөгө койгон акчалары кайтарылат"

Президенттик жарышка катышып, шайлоочулардын 5 пайыздан ашыгынын добушун алган Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровдун күрөөгө койгон бир миллион сом акчалары кайтарылат. Бул тууралуу БШКнын бүгүн, 30-октябрдагы жыйынында белгилүү болду. Ал эми бул белгиленген чекке жетпей калган талапкерлердин акчалары берилбейт.

"БШКнын атайын эсебине 18 талапкерден 17 миллион 650 миң сом келип түшкөн. Бирок 5 талапкер катышуудан баш тарткандан кийин акчалары кайтарылып берилген. Эми үч талапкердики берилсе, калганына берилбейт", - деди БШКнын пландоо, эсепке алуу жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Э.Утуров.

Утуров шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө бюджеттен 671 миллион 502 миң 100 сом которулуп, 1-турда 500 миллион сомдун тегерегинде акча коротулганын кошумчалады.

"Жогоруда көрсөтүлгөн акчанын 539 миллион 450 миң 600 сому 1-турга, 132 миллион 49 миң 500 сому 2-турга каралган. Бирок биз үнөмдөө жолу менен 1-турдан болжолдуу түрдө 35-40 миллион сомдун тегерегинде акча ашырып калдык. 2-турга делинген акчаны, үнөмдөлгөн жана шайлоо фондуна талапкерлерден берилген акчаны бюджетке кайтарабыз", - деди ал.

Айта кетсек, бүгүн БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Анда Сооронбай Жээнбеков - 54,22 пайыз, Өмүрбек Бабанов - 33,83 пайыз, Адахан Мадумаров - 6,57 пайыз алышкан. Калган талапкерлер алган добуштар 5 пайызга жеткен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Myrzaw98
2017-10-30 19:41:01
671 миллион 502 мин 100 сом бир кундук шайлоого эле кеттиби акчалар каяка кетип жатат десе ушул акчага кайрымдуулука жумшаса болмок ай биздин чондор ай ошончо акча каяка кеткенин мамлекет эмнеге малымат бербей жатат биз ушул билууго укукубуз бар чын эле шайлоого кетиби же чонтокобу
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-30 19:42:20
Myrzaw98, кайрымдуулук эмес жолдор ондолуп заводор курулсун десен
+14
Aitosh93.kg
2017-10-30 19:46:10
Буларга 1 миллион кем эместа бербей эле койуп балдар уйуно которуп койушса болмок Жээнбековтон оттун деп дагы алсанар болмок иштесен таап аласын деп
+12
-Sumitra-
2017-10-30 19:51:59
6жыл дагы самтырап калдыкпы ошондо?
+33
Myrzaw98
2017-10-30 19:53:27
-Sumitra-,ошондой болуп калды окшойт
+23
doping1
2017-10-30 20:56:27
Myrzaw98,бир шайлоо откоргонго 600миллион кетиптир биз онукпой калдыкко
+13
Myrzaw98
2017-10-30 22:09:59
doping1,мандайга жазылганды коробуз да
+5
kychan.98
2017-10-30 20:00:13
Жеенбеков иштейт
-44
kychan.98
2017-10-30 20:06:07
Жеенбеков наш президент
-44
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-30 20:27:05
Каалайсынарбы каалабаймынарбы Соке президент болду эми ийгилик каалайлы башка жолубуз жок
-22
muni.98-98
2017-10-30 20:45:38
Bolunbo.kyrgyz, Туура айтасыз. Балким эн мыкты башкарган, биздин олкобузду эн тез онуктургон, президент катары эсте калаар. Мамлакетибиз онолот Ин Шаа Аллах
-22
ajdaaar
2017-10-31 03:42:28
muni.98-98, Атамбаев башкарган 7 жылда олко онукпой ХХХХ кетти, эми анын саясатын Жээньеков улантса олко онукмок турсун, олко бутун калат бекен?!! Же четинен сатылып талкаланып жок болобу?!!
-5
Xanisha
2017-10-31 08:01:51
ajdaaar,кыйраттын
0
Azatbek83
2017-10-30 21:22:34
Бутту эми Кудай сактасын!Мадумаров бешенебизге президент болсун!
+23
dasbai
2017-10-30 21:43:12
вай еее увялбай айтышканын ошончо акча кантип еле кетсин сокенин чачкан акчаларында кошуп коййгон окшойсунар мадумаровту шалаш керек барбир булар ачыган аталадай жаман журоктуда кысты мына мигрантардагы кыйналып баштайт ертен патент кыласынар праваны российский екыласынар десе ак уйдогу XXXX
+5
Paolo
2017-10-30 23:58:31
Мадумаровдукун кайтарып тиги экоонукун тим эле коюш керек
+14
nurbekasr
2017-10-31 02:58:29
Менин президентим Мадумаров,Жээнбеков президент эмес көз боёмочулук менен өттү элди алдап.
+9
bema_bema
2017-10-31 03:16:13
Койгула эй мен ишенбейим элдин кобу Мадумаровду шайлаган анан кантип 6% добуш алсын, бул деген болбогон нерсе.
+13
ajdaaar
2017-10-31 03:44:11
Шайлдабекова Атамбаев менен Фарид Ниязовдун ХХХХ...

ХХХХ дагы шайлоо отту деп коюшат... Шайлоо эмес, маскарачылык, шермендечилик болду.....
+3
zamir_88
2017-10-31 07:35:25
Булго макул,элдер өздөрү чогулткан кара пайым эл чигулткан Дача-сууга ошол акчаларды сиңирип ийишти кудайдан коркбой анан
0
zamir_88
2017-10-31 07:40:05
Дача-суудагыларды унутушту да а эми булар бечара кыргызым жардамсыз калыштыда а сыздаган боюнча.Өздөрү бербесе бербешсин хотябы элден чогулган акчаны берип коюш керек эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан