Орусияда 24 саат нөөмөттө турган медицина кызматкери көз жумганы маалым болду

Орусиянын Иркутск облусуна караштуу Ангарск шаарында жумушунда 24 саат нөөмөттө туруп үйүнө келген акушер-гинеколог каза болду. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ангарск шаарында 24 саат нөөмөттө турган акушер-гинеколог Оксана Кивлева үйүнө келип көз жумган. Анын жансыз денесин үйүнөн туугандары 27-октябрь күнү эртең менен табышкан. Анын өлүмүнүн себеби так аныктала элек, бирок чарчагандан улам деген божомолдор айтылууда.

Оксана Кивлева өзүнүн кесибин мыкты билген кызматкер экенин жана чыдамкай, эмгектен коркпогон адис болгонун кесиптештери Орус басылмаларына билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-10-31 14:03:31
Биздин врачтар бир жарым сутка деле тура беришкет го эч нерсе болбой
+11
Azatbek83
2017-10-31 14:20:11
kechirmeni,ушак айтышып акча берсе карап болбосом бой которушуп укташыпбы?
+19
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан