"Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылындагы 2 кабаттуу бала бакча көптөн бери иштебей турат. Имараттын терезе, эшиктери жергиликтүүлөр тарабынан талкаланып кеткен", - деп жазат окурман "Элдик кабарга".
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, бала бакчадагы курулуш каражаттарынан тартып андагы буюмдардын баары уурдалып, жок болгон.
"Азыр анын дубалынан башка эч нерсеси калган эмес. Кээ бир адамдардын "жаман" жайына да айланып кетти. Ушул бойдон калса ал имарат эч пайдасыз жок болот же жергиликтүү бийлик тез аранын ичинде оңдоого алабы? Имаратты талап-тоноону токтотуп, максаттуу пайдалануу колго алынышы керек. Дегеле буга ким көзөмөл кылат?" - деп жазган ал.
Ошондой эле аталган билдирүүнүн ээси бала бакчанын айланасындагы 2 люк ачык жатканын, бул абал чоңдор үчүн да, балдар үчүн да кооптуу экенин кошумчалаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.