"Биздин Света аттуу коңшубуз ар жекшемби күнү бир көчөдө жашаган кичинекей кыздарды топтоп алып, кийим токуганды акысыз үйрөтөт", - деп жазат окурман "Элдик кабарга".
Анын билдирүүсүнө ылайык, кийим токууну ыктыярдуу түрдө үйрөтүп жаткан аял жип, ийне керектүү каражаттардын баарын өзүнүн акчасына сатып алат. Ал Ош шаарынын жашоочусу.
"Учурда жаш балдар интернет, смартфондорго алаксып кошумча эч бир өнөрдү өздөштүрбөй жатат. Света жаш балдарды интернеттен аз да болсо алыстатып, аларга өзү билген өнөрдү үйрөтүү менен алектенет. Учурда кийим токуганды үйрөнгөн кичинекей кыздар мурдагыдай телефондун экранына тигилбей, түрдүү кийимдерди токуу менен алектене баштады", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.