ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги негизги стадионго футбол көргөнү бардык. Отурарга таза орун жок" дейт окурман

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндары өтүп жатат. Ага барган көрүүчүлөр стадиондун абалы тууралуу кабарлашууда.

"Бул эл аралык деңгээлдеги беттештер. Ушундай беттештерде футболду көргөнү келген көрүүчүлөргө шарт түзүп бербесе да, жок дегенде отургучтарды жууп коюшса болмок. Кайсы жерге отурарыңды билбейсиң. Чымчыктар булгап кеткен, чаңы болсо бир эли. Келген коноктордон уяласың. Ушинтип отурсак өлкөдө спорт өнүкмөк беле?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ermekbai
2017-11-03 15:11:33
Амеееей ботом
-1
dasta
2017-11-03 15:19:16
Мммммм
-1
rejepova
2017-11-03 16:03:52
Мен орундук жок окшойт деп ойлопмун. Ар ким тазалыкты озунон баштаса туура болмок, азыр куз мезгили, чан сапырылчу маал.
+4
real8585
2017-11-03 16:10:09
10 жылдан бери эле ошондой, гезит салып отуруп журобуз.
+6
TalaCSKA
2017-11-03 16:25:06
Бул кабарды жиберген окурман биринчи жолу барганго ошол стадионго ?биз барганда дайыма газета ала барабыз дайыма эле Кир даже негизги сборный ойногондо.бирок билетти кыйын сатышат .
+5
amantur.kh
2017-11-03 16:25:16
Оюн канча эсеп менен аяктады?
-1
sirgak_92
2017-11-03 17:49:12
Бизге жаны стадион куруп берет бекен Супер Инфо билип бериниздерчи???
-1
Saidochka
2017-11-03 17:52:24
Стадион ачык асман алдында,чан болот да анан,негизгиси бутун экен десениз,мен дагы сынык сунук отургучтарды элестеттим эле
+5
Pandora
2017-11-03 18:17:18
Государство толоп бербей койсо керек да)))
-2
Best.bakyt
2017-11-03 19:35:58
25-26 жылда бир козго басар онгулуктуу стадион салгага жарашпады каапыр бийлик соройлор. Башка элдерди коруп ичин ачышат. Казактарда, Азербайжанда ,Озбек,Туркмондо дуйнолук стандартка жооп берчу стадиондор салынды жаркырап бир эмес торттон бештен. Эээ соз деле жок. Ушунун баарын коруп билип туруп да шайлап алган президентибиз бул.
-2
medetbek
2017-11-04 01:32:14
Отургучка тим эле батинкасын коюп алып тартыптыр го суротко ошентип бут кийиминер менен чыксанар кирдейт да. Анан сынат .
+1
Rasul94
2017-11-04 08:26:35
арканарга тошок алып алгыла
0
Kuba-savai87
2017-11-04 09:20:57
Бирок чындыгында чан, кир. Он билеттин акчасына эки адамды тазалатып койсо деле болот эле. Дайыма газета коюп коробуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан