Ак Үйдүн алдындагы имарат кайсы кызмат үчүн бошотулуп жатканы белгилүү болду

Бишкектеги "Бейиш" медициналык борборунун имараты Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери үчүн бошотулуп берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз катчысы Махабат Мансурова билдирди.

Анын айтымында, аталган борбор Чүй, 122 дарегинде жайгашкан.

"Өкмөттүн сентябрь айында чыгарган буйругуна ылайык, "Бейиш" медициналык борбору Исанов көчөсүндөгү башка имаратка көчүшү керек болчу. Бирок борбордо иштегендер имаратты бошоткусу келбегендиктен, эртең менен биздин кызматкерлер милиция менен чогуу барып, имаратты бошотуп жатышат. Учурда "Бейиш" борборунун айрым кызматкерлери биздин талапка көнүп, имаратта калган буюмдарын алып чыгып жатышат", - дешти Мүлк фондунан.

Ал эми Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы ал жерге милиция кызматкерлери аталган имаратты бошотуу аракетинде күч колдонушпай, коопсуздукту сактоо үчүн барышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2017-11-16 19:16:05
Бейиштин ордуна тозок болот экен да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан