“Мөңгүлөр боюнча мыйзам долбоорду кабыл алсак, депутаттар эл душманы болобуз”, - деп бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.
Ал "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы экенин айтты. "Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эл душманы катары кабыл алынып жатканын айтты. Мыйзамды кабыл алып берсек, эл душманы депутаттар болот. "Депутаттар чечип койду, иштей бергиле" деп өкмөт суудан кургак чыгат. Урматтуу депутаттар, бул мыйзам долбоорду терең караңыздар", - деди Жунус уулу.
Буга чейин Зилалиев билдиргендей, социалдык түйүндөрдө Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү жок деген маалыматтар чыгып кеткен. "Мөңгүлөр жок болсо суу кодексине өзгөртүү киргизүүнүн кажети бар беле? Бул жерге келип эл душманы болуп көрүнгөндүн кереги барбы? Мөңгүлөр бар", - дейт Зилалиев.
Жогорку Кеӊеште Суу кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.