Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтөт. Ошол эле учурда бул Алмазбек Атамбаевдин өлкө жетекчиси катары акыркы жолу ММК өкүлдөрүнө маалымат бериши болот. Өлкөдөгү соӊку окуялар, жасалган жана жасалбай калган иштер, пландары тууралуу айтып берери күтүлүүдө.
24-ноябрда жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө кызматка киришет.
Эскерте кетсек, өлкө жетекчисинин буга чейинки маалымат жыйыны ушул жылдын июль айында Чолпон-Атада өткөн.