Алмазбек Атамбаев КСДПнын атынан парламенттик шайлоого катышышы мүмкүн. Бул тууралуу президент 20-ноябрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Өлкө жетекчиси КСДПны парламенттик шайлоого даярдай турганын, тизменин башында туруп өзү да шайлоого катышышы мүмкүн экенин жашырган жок.
Бишкекте президенттин маалымат жыйыны өтүүдө.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин премьер-министр да, спикер да болуу ниети жоктугун айтып келген.