“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин курамына киргизилди. Мындай чечимди бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин депутаттары кабыл алды.
Ошону менен катар эле “Кыргызстан” фракциясынан депутат Данияр Төлөнов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттен чыгарылды. Төлөнов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин курамына киргизилди.