Бүгүн, 21-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча маселе каралып жатат. Жыйынга ички иштер министринин, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышууда.
ИИМдин өкүлү Сүйүнбек Аблатов тергөө амалдары жүрүп жатканын айтты. "Маркум Улан Саляновдун баласынын көрсөтмөсү боюнча окуя болгон жерде 3 кылмышкер, 1 ок атуучу курал болгон", -деди Аблатов.
Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.