Президент Алмазбек Атамбаев Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мыйзамга ылайык, 7-8-ноябрь күндөрү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" деп бекитилип, эс алуу күндөрү болмокчу. Мыйзам кол койгон күндөр тарта күчүнө кирет.
Айта кетсек, аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 15-ноябрда кабыл алган.