Премьер-министр Сапар Исаков Балыкчы-Корумду жолун оңдоо иштери токтотулганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
“Лонг Хай” компаниясы менен сүйлөшүү жүрүп жатат. 2017-жылы бул долбоорго каражат каралган эмес. Азыркы учурда иш токтоду. Бирок мындан ары кандай жумуштар аткарылышы керектигин талкуулап жатабыз. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүүсү пландалууда. Ошого карата кийинки жылга жолду оңдоого 600 миллион сом керек болот. Азыр жолду оңдоп иштеген кызматкерлерге карыздар бар”, - деди өкмөт башчы.