Кечээ, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, ага I даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.
Владимир Путинди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка экс-президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда кол койгон. Маалыматка ылайык, Путинге Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көрүнүктүү салым кошкону үчүн аталган орден тапшырылды.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда Беларусь өлкөсүнө барып Минскте өтө турган ЖККУнун жыйынына катышмакчы.