Депутат эки аял алуу маселеси боюнча укук коргоо органдары мыйзамдын аткарылышын карап чыгышы керектигин айтты

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева эки аял алуу маселесин көтөрдү.

"Конституцияга ылайык, үй-бүлө коомдун баштапкы уюткусу болуп эсептелет. Аял менен эркектин укугу бирдей. Буга байланыштуу Акыйкатчы институтуна, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө, Башкы прокуратурага кайрылат элем. Мыйзамдын аткарылышын текшерсин. Мындай учурда аялдар моралдык жактан жабыркайт. Чубак ажы ачык эле экинчи аял алганда биринчи аялы капа болгонун айткан", - деди депутат.

Эске салсак, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун экинчи аял алганын жарыялаган. Жалилов биринчи аялы бир аз капа болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан