КҮНСЕРЕП: Назарбаев Кыргызды жарандык согуштан сактап калганын эстетти

Бүгүн, 30-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Казакстандын "Хабар" телеканалынан "Тынчтык орнотуучунун миссиясы: Кыргыз ажырымы" деген даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда өлкөбүздөгү 2010-жылкы Апрель революциясы, Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетиши, өлкөдө аймактык бөлүнүү шылтоосунда жарандык согуш тутанып кетүү коркунучу, бул окуяларда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ролу тууралуу айтылат.
Тасманын маңызын Казак лидери болбосо 2010-жылы Кыргызда жарандык согуш чыгып кетмек, андан аркы өлкөнүн абалы кандай болору белгисиз эле, Назарбаевдин демилгеси жана аракети менен Бакиев өлкөдөн чыгарылып Кыргыз жеринде туруктуулук сакталып калды деген ой түзөт.
2010-жылдагы Кыргыз ыӊкылабы жөнүндө тасманын дал ушул маалда тартылышы, анын Казакстандын улуттук телеканалынан көрсөтүлүшү жөнсалды көрүнүш эмес. 50 мүнөткө жакын созулган даректүү тасмада 2010-жылдагы төңкөрүштө негизги ролду ойногондордун бири Алмазбек Атамбаев бир дагы кадрга илинбегени, атүгүл бир да ирет анын ысымы аталбаганы дароо байкалат. Ал эми Назарбаев Казакстандын эле эмес, жалпы Борбор Азия аймагынын лидери, көрөгөч аксакалы, тынчтык орнотуучусу катары көрсөтүлөт. Назарбаевди оор кырдаалды эч качан курчутпаган, тескерисинче, конфликтти чечүүгө, тараптарды элдештирүүгө жөндөмдүү Борбордук Азиядагы лидер катары көрсөтүү менен тасманы тартуучулар аны тымызын Алмазбек Атамбаевдин эки өлкөнүн жаӊжалына алып келген эмоцияга толо сөздөрүнө салыштырышкандай. Казак бийлиги ушундай жол менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге жооп кайтарды.
Деген менен 2010-жылдын апрелинде Кыргыз өлкөсү жарандык согуштун оозунан кайтканы чындык. Революциячылар менен Бакиевдин тарапташтарынын ортосунда жаӊжал чыгып, 87 эмес андан да көп Кыргыздын жараны бейкүнөө каза табышы мүмкүн эле. Андыктан Бакиевди өлкөдөн чыгаруудагы Назарбаевдин дагы, Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаеванын дагы чечими туура болгонун убакыт далилдеп жатат.
Тасманын үзүндүсү анонс катары интернетке тарагандан тартып учурдагы Кыргыз бийлиги жамандалат деп күткөн бийликчил позициядагылар ыңгайсыз абалда калышты. Анткени тасмада Атамбаев же азыркы бийлик башчысы тууралуу бир ооз сөз, бир дагы кадр жок...

Бишкекте "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун активисттери Казакстандын элчилигинин алдына чогулуп, Курманбек Бакиевге ич кийим берип жиберебиз деп акция өткөрүштү. Бул уюм Апрель төңкөрүшүнөн кийин, ал окуянын жабырлануучулары тарабынан түзүлгөн. Алар Казакстандын "Хабар" телеканалы тарткан даректүү тасмадан улам ушундай жорукту жасашты. Аталган тасмада Курманбек Бакиев: "Эмне кийимчен болсом, ошол бойдон кеттим. Эстелик катарыбы же башка себептенби, аныгын билбейбиз... Бирок байпак жана ич кийимимден өйдө тартып алышты", - деген. Чогулган жарандык активисттер "Бакиевге ич кийим эле жетишпей жатса, мына 2 куту кийим даярдап койдук, берип жибергиле" деп элчиликке көтөрүп барышты. Казак элчилиги мындай өзгөчө “посылканы” кабыл алган жок.
2010-жылдагы төңкөрүш, жакындарынан айрылган адамдар, учурдагы Кыргыз-Казак кризиси... Мындай абалды, жакындарынан айрылган адамдардын сезимдерин "атың чыкпаса жер өрттө" деген сыңары болбогур бир иштерге пайдалануу ал адамдарга аброй алып келбеси бышык. Кыргыз-Казак мамилеси чыңалып турганда 7-Апрель баатырларынын атынан чыккан бул топтун жосунсуз жоругу коомду тескерисинче, ирээнжитти...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан