Кечээ, 30-ноябрда парламентте коопсуздук кеңешинин курамына президенттик аппараттын жетекчисин, Башкы прокурорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун негиздемеси менен демилгечи депутаттардын бири, КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов тааныштырды. “Президенттик аппараттын жетекчиси коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат. Ал эми Башкы прокурор кеңештин чечимдеринин туура аткарылып жаткандыгына көңүл бурат. Андыктан аларды коопсуздук кеңешинин курамына киргизүү сунушталууда”, - дейт Өмүркулов.
Жыйынтыгында мыйзам долбоор жактырылды.