“Мамлекеттик ишканалардын санын 30-35ке чейин кыскартуу каралып жатат”, - деп бүгүн, 1-декабрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта аталган фонд 99 мамлекеттик ишканалар менен иш алып барат. 59у акционердик коомдун акционери. “Мамлекеттик ишканалардын санын 30-35ке чейин кыскартуу пландаштырылып жатат. Жыл башында башталган мамлекеттик активдерди электрондук инвентаризациялоо процесси жыйынтыктоо стадиясында турат. 65 мамлекеттик мекеменин 63ү толугу менен электрондук инвентаризациядан өттү. Экөө болсо жакында бүтмөкчү. Бүгүнкү күндө менчиктештирүү программасына кирген 40 объектинин сегизи жалпы суммасы 18 миллион 835 миң сомго сатылды”, - дейт Зилалиев.