"Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Украина президенти Пётр Порошенкого жарашууну сунуштап кат жолдоду", - деп жазышты Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары.
Буга чейин Саакашвили Порошенко менен жарашуу зарыл экенин билдирген.
"Эгер биздин талаптар аткарылса биз жарашууга барабыз. Талаптар коррупцияга каршы күрөшүү, сот, шайлоо, импичмент жөнүндө мыйзамдар, башкы прокурорду кызматтан кетирүү", - дейт Саакашвилинин "Жаңы күчтөр кыймылы" партиясынын мүчөсү Юрий Деревянко.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Саакашвили Киевде кармалган. Дүйшөмбү күнү Киевдин райондук соту прокуратуранын Саакашвилиге карата үй камагына алуу өтүнүчүн четке каккан. Андан кийин Саакашвилини Башкы прокуратурага суракка чакырганы белгилүү болгон.