19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылды.
Шыкмаматов өзүнө карата чыккан сот чечимине нааразы болду. "Соттун чечими туура эмес чыкты. Бул жерде менин күнөөм жок. Сот башкы прокурор Индира Жолдубаеванын мага туура эмес иш козгогонун жаап, мени күнөөлүү деп койду", - деп билдирди.
Ал эми Иманалиевдин жактоочусу Медетбек Алиев: "Иманалиев 2013-жылы эле башка кылмыш иш боюнча 10 жылга соттолуп камакта отурган. Ага карата соттун бүгүнкү чечими канчалык акыйкат болгонун азырынча айта албайм. Себеби соттун чечими менен толук таанышып чыгуу керек. Ал эми мүлкүн конфискациялоо боюнча айта турган болсом, анын мүлкү мурдагы соттун чечими менен эле конфискацияланган. Ошондуктан бул жагынан формалдуу чечим болду", - деп айтты.
Юкселге карата сот туура чечим кабыл алганын анын жактоочусу Насиза Сумар белгиледи. "Тендердин өткөнүнө 7 жыл болду. Ошондуктан сот Юкселге карата эскирүү мөөнөтүн эске алып жазадан бошотту. Менин пикиримде сот туура чечим кабыл алды", - деди жактоочу.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылды. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулду.
13-декабрда өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптарга өзүнүн аргументтерин келтирип, аягында Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап, сот залынан камакка алууну соттон сураган.
Мындан тышкары аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Юкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүнгөн.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.