НТС телеканалынын кайсы мүлктөрү сот тарабынан камакка алынганы белгилүү болду.
"Жаңы телеберүү тармагы" ачык акционердик коомунун (НТС) мүлктөрүн камакка алуу чечимин 19-декабрда Бишкек шаарынын райондор аралык соту чыгарган.
Ага ылайык, борбор калаанын 7-кичи районунун 46/А дарегинде жайгашкан жер тилкеси жана имарат, ошондой эле Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан телемунара камакка алынган.
Бул ишти сот карап чечим чыгармайынча, жоопкерлерге аталган 2 даректеги имаратты жана ичиндеги жабдыктарды пайдаланууга тыюу салынган.
Айта кетсек, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.
Сот департаментинин маалыматына караганда, НТС телеканалынын мүлктөрүн камакка алуу боюнча аныктаманы Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 19-декабрында чыгарган. НТС телеканалынын жетекчилиги менен келишилген сүйлөшүүгө ылайык, соттун аныктамасын аткаруу 20-декабрга жылдырылган болчу.